ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: "Туулган күнүмдө Алматы шаарында кызматта болом" дейт 34 жашка чыккан Жийдеш Идирисова

Кыргыз шоу-бизнесинин белгилүү жылдызы Жийдеш Идирисова 34 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда ал Алматы шаарына бара жатканын айтты.

"Туулган күнүмдө Алматы шаарында кызматта болом. Азыр Казакстанга сапар алдым. Бир канча убакыт мурда майрамдык иш-чарага чакыруу келип, макул болуп койгом. Буюрса, ал жактан келгенден кийин жакындарым, курбуларым менен туулган күнүмдү белгилейм. Ал эми жолдошум бир күн мурда туулган күнүм менен куттуктап микрофон, чачка керектүү буюмдарды берген. Учурда социалдык түйүндө жеке каналымды ачып, видеоблог даярдап жатам. Ошол видеолордогу үндөр так болсун деп профессионалдуу микрофон тартуулады", - дейт ырчы.

Жийдеш Идирисова 1985-жылы 19-январда Нарын шаарында туулган. Ал "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып, эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган. 2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon 2015" эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу ырды аткарып, 1-орунду ээлеген.

Ырчы жолдошу Андрей Доргайга турмушка чыккандан 6 жыл өткөндөн кийин никесин мыйзамдаштырып, үлпөт той өткөргөн. Түгөйлөрдүн ортосунда Севара жана Адэл аттуу кыздары бар.

Белгилей кетсек, Жийдеш Идирисова 18-январда төрөлгөн, бирок документте 19-январь болуп жазылып калган. Бул тууралуу ырчы маектеринин биринде айткан.

19-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KG.Kushtarbek
2019-01-19 12:38:47
Ойу super.kg тууру жазсанар Аламты десенер ал каякта екен биринчи угушум деп мен издеп журом
+4
kechirmeni
2019-01-19 12:56:18
влог
-2
bond02
2019-01-19 13:23:32
Пешеходдо стойкага туруп калыптыр го.
+5
Wold
2019-01-19 13:52:30
bond02, Кандай балее бут кийим кийип алган? Бул ары жок артисттер "боло берет" деп оюна келгенин эле кийе беришет окшойт.
+1
stal.ks
2019-01-19 13:46:04
Менинда туулган кунум)))
-1
Wold
2019-01-19 13:51:05
Күйөөсү Андрей ошондо орус улутунанбы?
+1
ashuular_plus
2019-01-19 14:22:26
Wold, улуту корей
+2
kamchatka
2019-01-19 14:14:58
Шамалдатып алба десен эми иий кыска кийип алыптыр.
+4
Dembele84
2019-01-19 15:47:53
Бир сыйра мактанып кетиптир бул дагы))) Не дейбиз эми Туулган кун кут болсун !!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан