Өзүнүн туулган күнүндө апасына күтүүсүз белек кылууну адатка айланткан ырчы Бегимай Карабаева 31 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда ал буларга токтолду.
"Туулган күнүмдү биринчилерден болуп сахналаш курбуларым куттуктап, таттууларын беришти. Андан кийин кыздарым куттукташты. Негизи туулган күнүмдө жыл сайын апамды куттуктап, ага рахматымды айтам. Анан сөзсүз күтүүсүз белек кылам. Бул ирет дагы салтты бузбай белегимди берип жибердим. Туулган күндү чоң майрамга айлантып, убакытты текке кетиргим келбейт. Андан көрө өзүмө пайда алып келчү иштер менен алек болгонум жакшы. Бүгүн кечинде Бишкектеги курбуларым менен чакан кече уюштуруп, андан кийин Орусияга сапар алам. Буюрса, ал жактагы мекендештерге концерт тартуулап келем", - дейт ырчы.
Бегимай Карабаева 1988-жылы 19-январда Баткен шаарында төрөлгөн. 2004-жылы Баткендеги В.И.Ленин атындагы орто мектепти бүтүрүп, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эл оозуна "Баёо сезим", "Жалгыздык", "Адашпайм" деген ырлары менен алынган.
Бегимай Карабаева 2010-жылы Кубаныч аттуу мырзага турмушка чыгып, Айдай жана Адемай аттуу кыздуу болушкан. Ырчы 2015-жылы жолдошу менен ажырашканын билдирген.
19-январдын жылнаамасы.