21-июлда республиканын көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +16...+21°C
Талас облусунда күндүз +20...+25°C, түнкүсүн +11...+16°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +16...+21°C
Баткен облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +13...+18°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +15...+20°C, түнкүсүн +11...+16°C
Нарын облусунда күндүз +18...+23°C, түнкүсүн +8...+13°C
Бишкек шаарында күндүз +23...+25°C, түнкүсүн +19...+21°C
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.