Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн ишин сынга алды. Ал мурунку премьерлердин тушунда коомчулукта айтылган аттарды белгилеп "азыркы өкмөткө жаңы "түкүрүк өкмөт" деген ат коюлду. Бул атка конушуна өздөрүнүн кадамдары, адамдары себеп болду. Жаңы кодекстерди ишке киргизебиз деп булар жаңы жаңжалдарды ишке киргизип жиберди", - деди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутат Момбеков азыркы өкмөт "түкүрүк өкмөт" деген атка конгонун айтты. Сиз азыркы өкмөттү кандай атайт элеңиз?" деген соболуна саясий серепчи Марат Казакбаев жооп берди.
Ал азыркы өкмөт иштей албай жатат деген пикирин айтты.
“Жаңы жылдан бери түкүрүккө көп айып пул салынды, ал чындык. Бирок эл түкүрбөй калганы эле болбосо, башка жыйынтык жок. Өзүң деле түкүрүнгөндөн коркосуң. Калган иштер боюнча, чынын айтканда, максаттарына жете албай жатышат. Себеби жыйынтык жок болууда.
Мисалы, видеопроект боюнча иштер ишке ашпай турат. Өкмөткө тиешелүү шарттар түзүлгөн, ага карабастан премьер-министр, министрлер кабинети ишти аткара албай жатышат. Азыркы премьер-министрди президент эле сактап турат. Эгер март айына чейин абал өзгөрүлбөсө, премьер-министр өзү эле кызматтан кетип калышы керек.
Ал эми “түкүрүк өкмөт” деп Момбеков атады, бирок антип айтканга болбойт го, мен азыркы өкмөттү “начар” деп эле атап, иштей албай жатканын айта алам", - дейт Казакбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, саясий серепчи Игорь Шестаков, экономика боюнча эксперт Улукбек Кыдырбаев жана жарандык активист Адил Турдукуловдун жообу бул шилтемеде.