Депутат: "Бир ай мурун билет сатып алган министрлер уча албай калды, жөнөкөй адамдарды айтпай эле коёюн"

Бүгүн, 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде депутат Улукбек Ормонов "Ички каттам менен каттаган авиакаттамдарды жөнгө салуу керек, оңдоо иштерине 1 миллион доллар таба албай калдыкпы?" - деди.

Белгилүү болгондой, 18-январда учактын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам Бишкек-Ош-Бишкек каттамы менен уча турган эки каттам токтотулган.

"18-19-январь күнү бир ай мурун билет сатып алган миңдеген кишилер убагында уча албай көчөдө калышты. Ички каттам менен каттаган авиакаттамдарды иретке келтирүү керек. "Эйр Манас" кааласа учат, кааласа учпай калат. Иштебей калса эл көчөдө калып калууда. Атайын иш-сапар менен уча турган министрлер уча албай калды, жөнөкөй адамдарды айтпай эле коёюн. 3 миң сомго билет алгандар аэропорттон такси жалдап кетүүгө аргасыз болду. Буга бирөө жооп бериши керек. Бузулду, оңдош керек деген жооп айтып жатасыңар. Эмне оңдоо иштерине 1 миллион доллар таба албай калдыкпы?" - деди Ормонов.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев ички каттам менен каттаган учактарды оңдоо керектигин, андан сырткары карыздары да бар экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан