КҮНСЕРЕП: Өкмөткө жазга чейин убакыт берилди

Бүгүн, 22-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Тарыхта биринчи жолу Азия Кубогунун жарым чейрек беттешине чыгып, кызыктуу оюн көрсөтүү менен кыргыз футболчулары кыргыз футболуна чоӊ ишеним жаратышты.

22-январга караган түнү Азия Кубогунун жарым чейрек финалында Кыргыз улуттук курама командасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы беттешип, 3:2 эсебинде эмираттыктар жеӊишке жетишти. Бул утулуу Кыргыз оюнчуларынын эмес, беттешке калыстык кылган кытайлык судья Фу Мингдин катачылыгы экени кызуу талкууланып жатат. Беттештин акыркы мүнөттөрүндө судья БАЭ курамасынын пайдасына пенальти дайындап, атаандаш команда ушул пенальтиден гол киргизип жеӊишти илип кетти. Кыргыз күйөрмандары пенальти негизсиз дайындалды деп судьяны сөгүп жатышат. Ал эми Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин өзү судьялардын ишине баа бербей турганын, пенальти дайындоо негиздүү болгонун же болбогонун адистер карап көрүшү керектигин билдирди. Оюнчу Фархат Мусабеков калыс тарабынан туура эмес чечимдер кабыл алынып жатканын баса белгилеп, бирок аны күнөөлөбөй турганын айтты. Дүйнө чемпиондугунан айырмаланып, Азия Кубогунда талаштуу жагдайларды видеокайталоодон көрүү системи жок.

Футболдо тагдыр чечүүчү учурларда калыстын калпыс чечими жаӊжал жараткан учурлар көп кездешет. Мисалы, 2009-жылы Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алуу үчүн Франция-Ирландия беттешинде франциялык оюнчу Тьерри Анри пас берүүдө топко колу тийип кеткенин көпчүлүк көргөн. Бирок арбитр буга көӊүл бурган эмес, жыйынтыгында Ирландия Дүйнө чемпиондугуна катышуудан куру калган. Калыстын бул байкабастыгы футбол тарыхындагы эӊ чуулуу фактылардын бири катары айтылып жүрөт.

Башкы машыктыруучу Крестинин Кыргыз футболун өнүктүрүү үчүн мамлекеттен материалдык жана техникалык колдоо керек деди. Улуттук курамага шарт түзүү зарылдыгы көптөн бери айтылып, бирок сезилерлик жыйынтык болбой келе жаткан. Жылыш Кыргыз Футбол федерациясынын жетекчилигине экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов келгенде көрүнө баштады. Ал федерацияны жетектеп турган 2012-2018-жылдары футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы дүйнөлүк рейтингде 206 кураманын арасынан 196-орундан 91-орунга чейин көтөрүлдү.
Жалаӊ элиталык үйлөрдү, кафе-ресторан, соода борборлорун кура бербей Бишкекке заманбап стадион куруу да учурдун талабы болуп турат. Канткен күндө да Кыргыз улуттук курамасы мыкты оюн көрсөттү, дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүлүү үчүн ийгиликтүү кадам таштады, бүтүндөй Кыргызды сүйүнтө турган жеӊиштер али алдыда экенине ишеним жаратты. Кыргыз футболунун келечеги бар экенине футболчуларга кошулуп, жүз миӊдеген жарандар дагы ынанды. Ушундай маанайдын түзүлгөнү өзү жеӊиш...

Транспорт жана жолдор министрлиги менен ИИМ биргеликте рейд өткөрүп, унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан айдоочуларга айып салууда. Бүгүн эртеӊ менен Бишкектеги бир пункттан эле ондон ашык айдоочу кармалып, жеке жактарга 3 миӊ сом, юридикалык жактарга 13 миӊ сомдон айып салынганы жарыяланды.

Кыргыз жеринде автоунаанын маӊдайкы жана алдыңкы эшиктеринин айнегин караӊгылатууга мыйзам жол бербейт. Президент, Жогорку Соттун төрагасы өӊдүү саналуу жетекчилердин унаасына гана уруксат бар.

1-январдан тарта күчүнө кирген "Эреже бузуулар" боюнча мыйзамга ылайык, унаанын терезесин караңгылаткандарды тескөө укугу Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлүп берилген. Бирок аталган министрлик мыйзам бузгандарды кантип таап, кантип айып салары так аныкталган эмес. Күтүлгөндөй эле министрлик "унаанын айнегин мыйзамсыз караӊгылатууга биз айып салбайбыз, бул биздин ишибиз эмес" деп чыкты. Бул арада айдоочулардын басымдуу бөлүгү унаасынын маӊдайкы жана алдыңкы каптал айнектерин караӊгылатууга жетишти. Андай унаалар Бишкекте кескин көбөйгөнү интернетте жазылып, сүрөттөрү жарыяланып жатат. Унаа айнегин караӊгылатуу кызматы бирөөлөрдүн бизнеси. Ошентип чийки жаӊы мыйзам айрымдардын бизнесин өнүктүрүп алууга шарт түзүп берди. Учурда өкмөт бул милдетти кайрадан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына өткөрүп берүүнү сунуштап жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, тармактык комитет 1-окууда колдоду.

Жогорку Кеӊеш буга чейин да тар кызыкчылыкты көздөгөн, бирөөлөрдүн бизнесине шарт түзө турган мыйзамдарды өткөрүп жүргөн. Мисалы, 2015-жылы парламент импорттук буудайдан салыктын бир түрүн алып салган. 2 жылга жетпей мындан мамлекет 680 миллион сом зыян тартканы аныкталып, мыйзам кайра жокко чыгарылды. Бирок бул убакыт буудай, ун бизнеси бар Жогорку Кеңештеги 2-3 депутаттын пайдасына иштегени анык. Ал мыйзамды өткөрүүнүн артында Жогорку Кеӊештин 3-4 депутаты турганын депутат Алтынбек Сулайманов айтып, сындап чыккан. Унаалардын айнегин мыйзамсыз караӊгылатууга чара көрүү укугу ИИМге качан кайтарылып берилери белгисиз. Ага чейин унаа айнегин караӊгылатууну күндөн коргонуу эмес, көпчүлүгү статус катары санаган Кыргыз жарандары далай акчасын чачат. Андан соң аны сыйрып, мамлекетке айып пул төлөш үчүн кайрадан акча коротот. Ошентип өкмөт элден кайрадан акча чогултуп алат...

Өлкөдө "Ачык асман" режими жөнүндө мыйзам кабыл алынган соӊ жергиликтүү авиакомпанияларда ички каттамдарды ишке ашырбай койгон учурлар көбөйө баштады. 18-январда "учактын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам" деп айтылып, 8 ички каттам токтотулду.

Бүгүн парламенттин Транспорт жана коммуникация комитети "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын абалын талкуулады. Мамлекеттик мүлк фондунун маалыматына таянсак, бул компаниянын 4 учагы болсо, учурда анын экөөсү гана учууда. Учактардын бири 1 жылдан бери токтоп турат, дагы бир учак ижарага берилип кеткен. "Эйр Кыргызстан" - Кыргыз өлкөсүнүн жалгыз улуттук авиакомпаниясы.

Депутат Улукбек Ормонов "миӊдеген кишилер убагында уча албай көчөдө калышты, учактарды оӊдоого 1 миллион доллар табыш керек" деп чыкты. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев ички каттамдагы учактарды оңдоо керек деп депутатты коштоду. Депутат Ормонов буга чейин "Ачык асман" режимин киргизүүгө каршы чыгып, мындай режимге уруксат берсек, жергиликтүү авиакомпаниялар банкрот болуп ички каттамдар үзгүлтүккө учурайт" деп жүргөн. Бирок көпчүлүк киреше таап жатканына карабай Кыргыз авиакомпаниялары учактарын жаӊылабай, тейлөө сервисин жакшыртпай, учуу акысын арзандатпай жатат, элге арзан, коопсуз учууга шарт түзбөй жатат деп сындап келүүдө. Жакында "Ачык асман" режимин ишке киргизүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алынды. Демилгечилерге таянсак, эми Кыргыз жеринен сыртка учуулардын баасы 40 пайызга чейин арзандашы күтүлөт. Комитет жыйынында өкмөт өкүлдөрүнө "ички каттамдардын токтотулушу элдин арасында чыңалууну, нааразычылыктарды пайда кылуу үчүн атайы уюштурулуп жаткан иш эмеспи?" деген суроо берилди. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов муну четке какты. Ал ички каттамдар боюнча жаралган көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт 2 чакан учак сатып алганы жатканын билдирди. Кайсы үлгүдөгү учактар, канчадан алынары айтылган жок. Буга чейин ички каттамдарга билеттин кымбаттыгы нааразычылык жаратып жүрсө, эми каттамдардын үзгүлтүккө учурай баштаганы суроо жарата баштады...

Жогорку Кеӊештин 2 комитети быйыл 1-январда күчүнө кирген жаӊы кодекстердеги кемчиликтерди жоюу үчүн өкмөткө тапшырма берди. Ал үчүн өкмөттүн, Башкы прокуратуранын, Жогорку Соттун өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Өкмөт 1-мартка чейин жаӊы өзгөртүүлөрдү сунуштоого тийиш.

Түкүрүккө айып салуу, жол эрежесин бузган айдоочуларга айыпты эселеп көтөрүү өӊдүү нормалары менен элдин сынына кабылган жаӊы 5 кодекс жана 2 мыйзам 2016-2017-жылдары кабыл алынып, 2019-жылдан тарта күчүнө кирди. 1 жылдан бери аларда катылган мүчүлүштүктөрдү таап чыгып жойбогон, чийки бойдон колдонууга киргизип жиберген өкмөттүн жоопкерчилиги жөнүндө сөз жок. Депутаттар бул үчүн айрым жооптуу адамдардын жоопкерчилигин кароо сунушун көз көрүнөө четке кагышты. Бирок жаӊы кодекстер иштебей турганы, иштесе да элге каршы иштей турганы ачыкка чыкты. Эл ушундай абалдын түзүлүшүнө күнөөлүү чиновниктердин жазаланышын күтүп жаткан, бирок Абылгазиевдин өкмөтү бул окуяда да суудан кургак чыкканы турат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан