Унаасына ашыкча жүргүнчү салган маршруттук таксилердин айдоочуларына 3000 сом айып пул салынат

1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстер коомчулукта талкуу жаратты. Мисалга алсак, Кыргыз Республикасынын мыйзам бузуулар тууралуу кодексинин 134-беренесинде "Каттамдык, шаар аралык, эл аралык ташуулар режиминде иштеген айдоочулар тарабынан транспорт каражаттары менен ташылуучу адамдардын санына карата талаптар бузулса же ташуу келишими болбосо 2-категориядагы айып пул салынат", - деп жазылган. 2-категориядагы айып пулдун көлөмү жеке жактар үчүн 3 миң, юридикалык жактар үчүн 13 миң сомду түзөт.

Коомдук транспортторго канча адамга чейин салууга уруксат берилери жана ашыкча жүргүнчү салган айдоочуларга кайсы мамлекеттик орган айып пул салары тууралуу билүү үчүн Транспорт жана жолдор министрлигинин адиси Нурмат Мусабековго кайрылганыбызда ал жүргүнчүлөрдүн саны боюнча так жобо жок экенин белгиледи.

"Ашыкча жүргүнчү салган коомдук транспорттордун айдоочуларына айып пул салуу боюнча мыйзам мурда эле бар болчу. Бирок мурда бул мыйзамдын ишке ашырылуусун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөчү. Жаңы жылдан баштап бул милдет биздин министрликтин алдындагы Авто, суу транспортторун жана салмактан тыш ɵлчɵмдөрдү көзөмөлдөө агенттигине жүктөлдү. Бирок азырынча бул мыйзам кандай ишке ашары белгисиз. Биринчиден, жүргүнчүлөрдүн санына коюлган атайын нормадагы чек жок. Экинчиден, аталган агенттикте 10дой гана инспектор бар. Алар бардык транспортторду текшерип турууга жетише алышпайт. Мындан сырткары агенттиктин кызматкерлеринин маршруттук таксилерди каалаган жерден тосуп, айып салууга укугу жок. Текшерүүнү коомдук транспорттордун акыркы аялдамасынан гана жүргүзүүгө мүмкүн. Мындай шартта унаасына ашыкча киши салган айдоочуларды аныктоого мүмкүн эмес.

Азыркы учурда биз мыйзамды толук изилдеп, кантип иш жүзүнө ашыруунун жолдорун аныктоо менен алектенип жатабыз", - деди Мусабеков.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов SUPER.KG`ге азыркы учурда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте маршруттук таксилерге түшкөн кишилердин санын чектөө боюнча жобо иштелип жаткандыгын билдирди.

"Жүргүнчү ташыган автобус, троллейбустардын завод тарабынан коюлган атайын нормасы бар. Маселе маршруттук таксилердин айланасында жаралууда. Анткени маршруттук таксилерде канча адамга чейин жүргүнчү салуу мүмкүн экендиги тууралуу чек жок. Учурда шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте жобо иштелип жатат. Айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун эске алуу менен, маршруттук таксилердин көлөмүнө жараша жүргүнчүлөрдүн санына белгилүү бир чектөө киргизилет. Азырынча чектөө жок болгондуктан айып пул салынбайт", - деди Атыканов.

Бишкектеги 130-маршруттук каттамда иштеген Эдил Молдоканов айып пулдардын өсүшү айдоочулар үчүн оор болуп жатканын белгилеп, бийликтин бул кадамдарына каршы митинг уюштурулуп жатканын укканын кошумчалады.

"Ар кандай шылтоо менен айып сала бергени бийликтин эптеп каражат табуу амалына окшоп жатат. Эки жолу эреже бузулса 7 миң сом экен. Бул бир медайымдын 1 айда алчу маянасы менен барабар. Эми ашыкча жүргүнчү салса да айып салынат экен. Мен бир жолу каттамга чыкканым үчүн 10 литр күйүүчү май кетет. Майдын өзүн акташ үчүн эле маршруттук таксиме 47 адам отурушу керек. Мындан башка чыгымдар да бар. Өз чөнтөгүмдөн каражат чыгарып иштеп каламбы ошондо? Жакында ушул сыяктуу адилетсиздиктерге каршы айдоочулар митинг уюштурат экен деп угуп калдым. Качан, кайда болору белгисиз. Нааразычылык акциясы болсо барып катышмакмын", - дейт Молдоканов.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
zevs
2019-01-10 22:50:54
Men dagy baram aylygym 9000 som men iwtegen jerge marwrut barbayt mawina menen juruugo argasyzmyn janylbas jaak mudurulbos tuyak bolboyt deyt bir jolu adawsam bir ay beker iwteyt ekem. Je moskvaga ketiw kerek bolup kaldy migranttardyn arasyna sinip.
+5
Boha1
2019-01-10 23:37:15
Ушу бийликтегилердин айынан карапайым калк эле жабыркап жүрүшөт. Эми дагы элдер жумушка, мектепке бара албай жөө калышат турбайбы.
+3
aman0296
2019-01-10 23:46:20
Маршруткага батбаган эл суукта ушуп, тонуп тура берсинби? Эгер кичинекей баласы болсо кыйналып , ооруп калышат! Ушул мыйзамды жазган адамдар аман эле болгула!
+12
madina.87
2019-01-10 23:48:05
Биринчи жолду сапатту кылып оңдоп анан айып пул сала беришбейби ,салыгы эле тойгоздуго
+7
elb_2121
2019-01-10 23:48:12
Кыскасы башаламан ишеним деле калбады бул бийликтен Мамлекет пайда табуу учун башка жолдорун издесе болот
+9
ooki8888
2019-01-10 23:54:07
Бюджетти толтуруунун жолун тапкан экенсинер!
Оз элин штраф менен тоногондон уялбады бул бийлик!!!
+12
Hacker99
2019-01-11 00:12:43
Тоюп кеттим ушулллардан. Эл келгиле митинг кылабыз, бул жемкорлорду айдайбыз, кетпесе атабыз. Ак уйду орттойбуз, жардырабыз
+19
Zaina
2019-01-11 00:33:41
Андан корокчо ар бир нелегал кытайдан акча алгыла, налог толоткуло. Ар бир иностранецтен $10 дан алгыла, киргенинен да, чыкканынан да. $10 га бир обед жешет чет олкодо, аларга бул акча эмес, а биздин бюджеттен бул акчалар тышкы карызды тологонго кетмек. Бийликтегилер, оз элинерди жегенди токтоткулачы.
+10
TalaCSKA
2019-01-11 00:34:15
Накта келесоолор экен мыйзам кабыл алып койушуп ошол мыйзам кантип иштерин озулору билбейт эээк тукурдум силердин мыйзамдарынарга (интернеттен тукургонго штраф жокбу деги )))
+11
taalay25
2019-01-11 01:17:36
Ага реформа керек конкретно! Шаарга муниципалитет автобус, троллейбустарды алып келсин! Дагы трамвай линияларын ачсын. Элди ташууну бир калыпка келтирсин. Линиялардан маршрутка таксилерди азайтсын. Анан бир нерсени жаза коюп эле талап кыла бергени болбойт да
+2
binur5
2019-01-11 01:59:19
Айланайын кыйналып жашап жаткан кыргызымды кыйнап бутмой болдунар чондор силердин башынар эч бир нерсеге оорубайт чонтогунордо акча бар штраф салса силер эч качан толобойсунор ак уйдо иштейм бу уйдо иштейм деп кутуласынар мен кочодо басыштан коркуп калдым дагы кайсы мыйзамы чыгып кетти деп чындыгында .
+6
bakulya2015
2019-01-11 02:08:04
Тооба кылдым ушундай мыйзамдарды чыгарып жаткан бийлик бир кун юир нерсе болот бирок ошондо да элге кыйын. Биз бийликтен аш сурабасак нан акча сурабасак элди тынч эле коюп иштей бергилечи ошо Сооронбой акебиз 120 баласын элдин акчасына багып олтура берсинчи эл ансыз деле озун озу багып журушот кудайга чексиз шугур элибиздин альын башы алты мучобуз аман болсо кудай кааласа ар ким оз уй булобузду багууга эптеп аракеттенебиз. Айдоочуларыбызга карапайым элге тийишпей эле жашай бергилечи.
+4
taalay25
2019-01-11 10:02:00
Качан 120 депутаттын санын 42ге, министрликтердин санын 17ден 9га, чиновниктердин сокращёниеге 40%кыскартабыз! Премьер министр институт жоеп окмотту президент башкарып жоопкерчиликти озум алам деп ушундай реформаларга барса кош колдоп колдомокмун
0
Flowhive
2019-01-11 13:11:25
taalay25, депутаттар азайса жаман жагы да бар
0
Bars88
2019-01-11 12:11:23
Маршрутка конечныйдан чыга электе эле толуп калат.Анан калганы не очередге турабы
+1
vikidiki
2019-01-11 13:26:29
Кыйраттынар! Корот элем ысык-суукта маршрутка айдап иштесенер, ак уйго жетиш учун маршрутканы кутсонор ушуп тонуп. Биринчи элди ойлоносонор боло! Тойбодунар го деги!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан