Өлкөдөгү авиациянын азыркы абалы көп жылдык иштин жыйынтыгы экенин бүгүн, 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
"Азыркы күндөгү өлкөдөгү авиациянын абалы акыркы 12 жылдан бери жасалган иштин жыйынтыгы. Жагдайды жөнгө салуу максатында учурда күчөтүлгөн тартипте иш-аракеттер көрүлүүдө. Бул боюнча 2 ай аралыгында бир чечимге келебиз. Ал эми акыркы учурда ички каттамдар боюнча жаралып келген маселелерди чечүү максатында 2 чакан учак сатып алуу боюнча аракет көрүлүүдө. Сүйлөшүүлөр февраль айында жүргүзүлүп чечилет. Азырынча сатып алына турчу учактардын үлгүсү жана анын баасы боюнча толук маалымат бере албайм", - деди Боронов.
Ошондой эле комитетте "Эйр Кыргызстан" компаниясынын айланасындагы көйгөйлөр жана акыркы учурда жабдыктары иштен чыгып оңдоо иштеринен улам бир ай мурун билет сатып алган жүргүнчүлөр көчөдө калып жаткандыгы тууралуу сөз болду.