Депутат: "Чек арага рентген аппараттары мурда эле коюлушу керек болчу, бүгүнкү күнгө чейин коюлган жок, демек, буга кызыкдар адамдар бар"

"Чек арадан апельсиндин ордуна тоок этин ташып жүргөн учурлар болгон, буга тыюу салуу үчүн рентген аппараттарын коюу керек". Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

"Коррупцияга каршы күрөшүүдө эсепке канча каражат түштү, 200 миллионбу же жарым миллиардбы? Эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин чек араларга рентген аппарат сатып ала албай жүрөбүз? Чек арага оор жүк ташуучу унаалардын ичиндеги жүктү толук текшере ала турган рентген аппарат керек. Себеби буга чейин чек ара аркылуу апельсин деп тооктун этин, эт ташып келген учурлар болгон. Эгер мамлекеттик мекемелер бул маселени чечүүгө кызыкдар болсо, буга чейин эле чечилмек. Кечээ чечиле турган маселе дагы деле чечилбей турат. Бардык жерде ишке ашырылып, иштеп жатат, бирок бизде бул маселени ишке ашырбоого кызыкдар адамдар бар. Маселенин чечилбей жатканына мына ушул себеп болууда. Кошуналарыбыз бизди таза иштебей жатканыбыз үчүн айыптоодо. Бирок бул маселе 2019-жылдын 31-декабрына чейин деле чечилбей жүрө берет", - деди депутат Сурабалдиева.

Буга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков оор жүк ташуучу унааларды чек арадан толугу менен текшере ала турган рентген аппараты сатылып алына турганын айтты. Анын айтымына караганда, аппараттар бир жыл аралыгында орнотулуп жана ага Орусия тарап бөлүп берген каражат сарпталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан