Депутат Абдылдаев комитет жыйынына келбеген жетекчилерге эскертүү берүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүн жаңы кодекстер боюнча маалыматы угулду.

Депутаттар премьер-министр, башкы прокурор, Жогорку Соттун төрайымы жыйынга келбегенине нааразы болушту. Анда депутат Мыктыбек Абдылдаев жыйынга келбеген жетекчилерге эскертүү берүүнү сунуштады. "Жетекчилердин эки комитеттин биргелешкен жыйынына келбей койгону туура эмес. Эмки жыйынга келбесе, алардын жоопкерчилигин кароо керек", - дейт Абдылдаев.

Учурда конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бириктирилген жыйыны өтүүдө. Анда жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу маалымат угулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан