Ушул жылдын февраль айында Илим Карыпбековдун КТРКга жетекчи болгонуна төрт жыл болот. Бул арада коомдук каналга элдин көйгөйүн чагылдыруунун ордуна, бир тараптуу саясий маалыматтарды таратып жатат деген сындар айтылып келди. Коомчулук учурда КТРКга өз талапкерлерин сунуштап жаткан кез.
SUPER.KG порталынын "КТРКнын башкы директорунун иштөө мөөнөтү аягына чыгат. Коомдук телеканалга бийликке эмес, элге иштей турган жетекчини кантип алып келүүгө болот?" деген соболуна коомдук ишмер Абды Сатаров жооп берди.
Ал аркылуу журттун кызыкчылыгына иштеши керек деген пикирин айтты.
"КТРК коомдук телекомпания болгондон кийин биринчи кезекте бул коом үчүн кызмат кылышы керек. Мындайча айтканда, жалпы журттун көйгөйү менен, жакшы-жаманы менен бирге жашашы керек. Ал үчүн КТРКнын башчылыгына келе турган адам улуттук руханий дүйнөсү каныккан болушу, Кыргыздын тилин, тарыхын, наркын, салтын жакшы билиши кажет. Ошондой эле билимдүү, ички жана дүйнөлүк саясатты дагы жакшы билген, өтө жаш эмес, журналисттик тажрыйбасы бар, менеджерликке таланты бар инсан келиши керек. Азыркы иштеп жаткан директорго мен башында туруп "жаш жигит, элге кызмат кылып берет экен" деп шайлаган элек. Ачык айтканда, үмүтүбүздү актаган жок. Азыр так кесе айта албаганыбыз менен, журналистиканын эл аралык стандартын билген адам келиши зарыл экен. Өлкө жетекчилигине дагы, элге дагы болгонун болгондой түшүндүрүп, улуттун кызыкчылыгын коргогон адам келсе дейм. Ал мамлекеттин саясатын дагы, элдин кызыкчылыгын да бирдей алып кетиши кажет. Сөзсүз түрдө бийликтин өзүнүн кызыкчылыгы болот. Бирок кээ бирин көрдүк, аларга окшоп бийликтин камчысын чаап, бир жактуу берүүлөрдү чыгарып отура бергенге болбойт. Эртеби-кечпи алар коомчулуктун каргышына калат", - деди Абды Сатаров.
Жогорку Кеңештин депутаттары Табалды Тиллаев, Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Урмат Усенов жана акын Бердибек Жамгырчиевдин жообу бул шилтемеде.