Урмат Усенов, ырчы: "КТРК элге кызмат кылсын деген сунуш биринчи кезекте бийлик тараптан болушу керек"

Ушул жылдын февраль айында Илим Карыпбековдун КТРКга жетекчи болгонуна төрт жыл болот. Бул арада коомдук каналга элдин көйгөйүн чагылдыруунун ордуна, бир тараптуу саясий маалыматтарды таратып жатат деген сындар айтылып келди. Коомчулук учурда КТРКга өз талапкерлерин сунуштап жаткан кез.

SUPER.KG порталынын "КТРКнын башкы директорунун иштөө мөөнөтү аягына чыгат. Коомдук телеканалга бийликке эмес, элге иштей турган жетекчини кантип алып келүүгө болот?" деген соболуна ырчы Урмат Усенов жооп берди.

Ал учурда каналдын форматы өзгөрүүгө муктаж экенин белгилеп өттү.

"КТРКга ким жетекчи болуп келсе дагы ага "элге кызмат кыл, коомго кызмат кыл" деген сунуш биринчи кезекте бийлик тараптан болушу керек. Андай болмоюнча ким жетекчи болуп келбесин мурункудай боло берет. Менимче, бул нерсе адамдын эркине дагы жараша болот. Көрсөтүлгөн талапкерлердин арасында 100 пайыз болбосо да, 70-80 пайызынын эрки бар деп ишенгим келет. Кандай гана кызмат болбосун эң негизги принцип - келе турган жетекчи жаш болушу керек. Жаш кадр жетекчи болуп турган мекемелер буга далил. Жаш жетекчинин ойлонгону да, кыймылы дагы тез болот. Коомчулукта жаштардын тажрыйбасы аз дегендер болушу мүмкүн, бирок тажрыйба ошол кызматка келгенден кийин топтолот. Жаштардын арасынан карап коомдун көйгөйлөрүн жакшы билген, өлкө үчүн күйгөн, мекенчил, мээнеткеч деп Эрмек Нурбаевди көрсөтөт элем. Эгер мүмкүнчүлүк болуп келип калса коомдук каналда түп тамырынан өзгөрүүлөрдү көрө алсак керек. Негизи маселе коомдук каналдын форматында. КТРК коомдук канал болгондон кийин айрым учурларда саясаттан тыш болушу зарыл. Мисалы, Орусиядагы ОРТ каналында жаңылыктар бөлүмүнөн башка берүүлөрүнүн көбү коомдун көйгөйлөрүнө, көрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына, маанайына арналган. Чындыгында социалдык маселелерге көп кайрылышат. Белгилүү бир тараптын кызыкчылыгына кириптер болбойт. Коомдо эмне көйгөй болсо ошону көрсөтөт. Биз дагы ошол форматка өтүшүбүз керек", - деди Урмат Усенов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Табалды Тиллаев, Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, коомдук ишмер Абды Сатаров, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев жана акын Бердибек Жамгырчиевдин жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан