Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Анын талапкерлиги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан сунушталган.
Жанат Бейшенов 1970-жылы туулган. 1993-1996-жылдары "Альтаир" соода-сатык компаниясында иштеген. 1996-1997-жылдары "Эржан" Кыргыз-Орусия биргелешкен ишканасынын директору болгон. 1998-2000-жылдары өкмөт аппаратында иштейт, 2005-жылга чейин Чехиядагы соода сатык боюнча өкүл болгон. 2005-жылдын октябрь айында транспорт министринин орун басары кызматына келген. 2017-жылы Евразия экономикалык комиссиясында темир жол транспорту бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2014-2015-жылдары премьер-министрдин кеңешчиси болгон.