Депутат Рысалиев премьер-министр, башкы прокурордун иш күнүн карап чыгууну сунуштады

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган, 1-январдан тартып колдонууга киргизилген жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселе каралып жатат. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов келген жок. Кечээ, 22-январда Жогорку Кеңештин эки комитети тарабынан жалпы жыйынга жетекчилер өздөрү катышсын деген чечим чыгарылган.

Депутат Зарылбек Рысалиев премьер-министр, башкы прокурордун иш күнүн карап чыгууну сунуштады. "Бүгүн ар бир фракциядан экиден киши чогулуп, премьер-министрдин, башкы прокурордун бүгүнкү, эртеңки жумуш күнүн карап чыгалы. Эртеден кечке чейин эмне жумуш аткарышат экен. Комиссия түзүүнү сунуштайм", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков мыйзамга ылайык, фракциянын же тийиштүү комитеттин чечими менен болгондо бул маселе добушка коюла турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан