Кыргызстанда казылып алынып жаткан көмүрдүн көлөмүн 1,5 миллион тоннага чейин көбөйтсө болорун 20-июлда “Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчиси Нарынбек Сатыбалдиев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 6 айында 403 миң тонна көмүр казылып алынганы белгилүү болду. Планга ылайык, ушул жылы 1, 3 миллион тонна көмүр казып алуу зарыл. Өз кезегинде министр көмүр казып алуу маселеси энергетика маселесиндей эле курч экендигин белгиледи. “Учурда көмүр казып алуу тармагын өнүктүрүүгө көңүл буруу керек. Бул тармакты бир калыпка келтирип, көмүр казып алуунун көлөмүн жогорулатуу керек. Ал үчүн талыкпай иштөө зарыл”,- деди Артыкбаев.