Милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагынан Өзбекстандын 19 жаранын чыгарылды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-июлда билдиргендей, бул жарандар Кыргызстандагы коомдук жайларда тилемчилик кылып келишкен. Аларды өлкө аймагынан чыгаруу тууралуу токтомду Свердлов райондук соту чыгарды.