Бүгүн, 22-июлда Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев Баткен облусунун Чарбак айылынан келген 10-11-класттын окуучулары менен жолугушту. Жыл башында болуп өткөн чек ара жаңжалынан кийин Оштогу Жаштар иштери боюнча комитети Чарбак айылына 320 миң сомдук гуманитардык жардам алып барып берген. Гумжардам таратуу учурунда Чарбак айылынын жаштарын Ош шаарына саякат жасоого шарт түзүп берүү маселеси көтөрүлгөн. Аталган шаар менен таанышканы келген окуучулардын чыгымын аталган комитет каржылоодо. Окуучулар Оштогу университет, музей, спорттук комплекстер менен таанышат. Жолугушуу учурунда вице-мэр сабакты мыкты окуган алдынкы 2-3 окуучуну ЖОЖго бюджеттик негизде окууга өткөрүүгө жардам берерин кошумчалады. Окуучуларды коштоп 2 мугалими жана ата-энелер комитетинин төрайымы келген.