Ош облусунда ушул жылдын 5 ай аралыгында былтыркыга салыштырмалуу ВИЧ-илдетине чалдыккан жарандар аз катталды. Мисалы, 2012-жылы 5 ай аралыгында ВИЧ-илдетине чалдыккан 136 адам катталса, быйыл 5 ай аралыгында 19 жаран каттоого алынды. Быйыл Алай районунда 4, Кара-Суу районунда 6, Кара-Кулжа районунда 3, Ноокат районунда 3, Өзгөн районунда 2, Араван районунда 1 адам ВИЧке чалдыкканы белгилүү болду.