Кыргыз циркинин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабарлады. Анын айтымында, Бекманбетов бүгүн, 24-январда цирктин эмгек жамаатына тааныштырылды.
"Кыргыз циркинин директорлугуна Фархад Бекманбетовду дайындап, азыр эмгек жамааты менен тааныштырдым. Анын директор болушуна каршы болуп жумуштан кетебиз деп жаткандар маселесин эми өздөрү чечет. Анткени жумуштан кетүү арызын мага жазып жатышканы туура эмес, директорго жазышы керек болчу", - деди Жаманкулов.
Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Бирок эмгек жамаат Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак Үй алдына митингге чыгышкан.
Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган. Биз маселенин чоо-жайын жазганбыз.