Кыргыз цирктеги чыр уланууда: Кызматкерлер ижарачы тараптын тапкан акчасын цирк өзү деле тапса болот дешет

Өткөн айдын соңунда Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин жамааты жетекчиси Курмангазы Исанаевдин ишине нааразы болуп, маселе Жогорку Кеңештин комитетинде, кийин коомчулук тарабынан кызуу талкууланган. Анда циркти ижарага берүүдө жана билеттерди сатууда коррупция бар экени айтылып, маселенин чоо-жайын жазганбыз.

Аталган жайда иштеген Бегалы Мурзалиев 14-декабрда кайрадан SUPER.KG'ге кайрылып, "жетекчилик артисттердин костюмдары менен реквизиттерине акча таппай жатса, ижарачы тарап эбегейсиз акча таап жатат" деди.

Анын айтымында, 11-12-декабрь күндөрү улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөн иш-чаранын билеттери мектеп окуучуларына 200 сомдон сатылып, эки күндө жалпы 700 миң сомдон ашык акча түшкөн.

"Манеж Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өзүбүздө манеж инспектору болуп иштеген Клара Тажиеванын "Клара Тажиева" деген жеке ишканасы тарабынан ижарага алынып, мектеп окуучуларына иш-чара уюштурулду. Жалпы 1 миң 850 орун болсо, ага билеттер 200 сомдон сатылды. Жыйынтыгында ишканага эки күндө 740 миң сомдой акча түштү десек болот. Артисттерге деп 70 миңден 100 миң сомго чейин акча коротсо, ижара акысына 60 миң сом төгүптүр. Дагы бир нече сом салыкка төксө, калганы өзүнө калып жатпайбы. Ошол эле учурда цирктин жетекчилиги артисттердин костюмдары менен реквизиттерине акча таппай келет. Ушундай иш-чараларды жетекчилик өзү уюштурса пайда тапмак. Эки күндө жалпы 3 жолу оюн коюлган болсо, экөөнө төлөп берип, үчүнчүсүнө төлөгөн жок. Анткени үчүнчүсүн кайрымдуулук катары өткөрүшүптүр. Кайрымдуулук 9-майда жана Балдар күнүндө гана болушу керектиги боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан тапшырма келген. Булар ага карабай эле кайрымдуулукту уюштура беришет. Өткөн жылы деле цирктин кассасына түшсүн деп бир тыйын акча албай оюн коюп келгенбиз. Жылдын жыйынтыгында анын баарын эле кайрымдуулук катары уюштурулган деп коюшту", - деди Мурзалиев.

Аталган нааразычылык боюнча алгач цирктин директорунун орун басары Дарья Кусеиновага байланыштык. Кусеинова "Клара Тажиева" жеке ишканасы цирктин бухгалтериясы менен биргеликте келишим түзүп, ошол келишимдин негизинде иш-чара өткөргөнүн, андан 60 миң сом ижара акы түшкөнүн айтты.

"Биз манежди ижарага алган "Клара Тажиева" жеке ишканасынын кирешесине кийлигише албайбыз. Манежди келишимдин негизинде саатына 10 миң сомдон ижарага бергенбиз. Жалпы эки күн 3 сааттан номер тартуулап, күнүнө 30 миң сомдон акча төлөдү. Буга чейин деле коммерциялык программа деп ушундай ыкма колдонулуп келген экен. Өзүбүз деле койсок болмок, бирок Жаңы жылга карата Орусиядан да чыгармачыл топ келе жатат. Алар менен келишим түзүп, жарнамалары илинип калгандан кийин биз өзүбүздүн программаларыбызды уюштура албай калабыз. Ошондой болсо да 3-декабрда кайрымдуулук иш-чарасын уюштурдук. 28-декабрда дагы бир кайрымдуулук иш-чарасын уюштурууну пландап жатабыз", - деп жооп кылды Кусеинова.

Цирктин манежин ижарага алып жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектеп окуучулары үчүн иш-чара уюштурган Клара Тажиева өзү да аталган жайда 1982-жылдан бери эмгектенип келет. Жолдошу Кадырбек Тажиев аталган цирктин көркөм жетекчиси болуп эмгектенет.

Тажиеванын пикиринде, анын бул аракети артисттердин кошумча акча табуусуна жана бюджетке чоң жардам болууда. Тактап айтканда, тапкан акчасынын 6 пайызын салыкка төлөсө, ошол эле учурда артисттерге аткарган номуруна жараша акы төлөнүп турат.

"Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата тартууланды. Жалпы эки күндө үч ирет оюн коюп, бирин кайрымдуулук катары өткөрдүк. Буга чейин деле ушул өңүттөгү концерттерди уюштуруп келгем. Ал үчүн жетекчилик менен келишим түзөм. Жыйынтыгында саатына жараша ижара акы төлөсөм, тапкан акчамдын 6 пайызын салыкка төгөм. Андан сырткары Социалдык фондго жана артисттерге аткарган номуруна жараша акы төлөйм. Бул айына 4-5 миң сом айлык алып иштеген артисттерге чоң жардам болуп жатат. Айта кетчү жагдай, менин жасап жаткан ишим мыйзамдуу. Буга чейин канча ирет текшерүү болуп келсе, бир дагы кемчилик табылган эмес.

Ошондой эле көптөгөн кайрымдуулук концерттерди уюштуруп турам. Ал үчүн акы албайбыз. Кечээ деле бир жаштар уюму кайрылып Токмоктогу балдар үйүнөн 150 баланы алып келип концерт көрсөтүп кетишти. Жыйынтыгында аларга белектер берилди. Балдар аябай сүйүнүп кетишти. Буга маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов өзү да күбө болду. Ал эми коммерциялык программа катары өткөргөндө жакшы акча табылат. Бирок ага ошончолук эмгек кетип жатат. Цирк мени эле карап отурган жок, өздөрү деле уюштуруп келишет", - деди Тажиева.

Мына ушундай маселелерден улам цирктин кызматкерлери жетекчиликтин ишине нааразы болуп, акыркы 5-6 жылдын ичинде укук коргоо органдарына жана өкмөткө бир нече ирет кат менен кайрылып, жыйынтыгында 60 жолу текшерүү жүргүзүлгөн. Бирок эч кандай одоно мыйзам бузуулар табылбаганы айтылып келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
patiydin
2018-12-15 06:08:44
Урматтуу Клара Тажиева! Ишинизге ийгилик! Биздин каныбызда бар, болгонду Коро албайт да, ОЗУ Боло албайт! Ушундай кылып артисттерди колдоп туру керек. Себеби алардын айлыгы аз. Алган айлыгы жол Кире жана туштонусуно зорго жетет!
+3
Bars88
2018-12-15 10:22:57
Бизде чукумай деген бар.Которулуп баратсан коро албай буттан тарткан.Бош турса каяктан акча тушот
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан