Саясий серепчи Нурсултан Акылбек: "Алсыз парламент бар жерде президент бийликтин бутактарын башкара берет"

Жыл башынан эле өлкөдө буга чейин актуалдуу болуп келген орчундуу көйгөйлөр көзгө урунду. Миграция маселеси, үй-бүлөдөгү балдарга карата зомбулук, жумушсуздук. Жаңы кодекстердин ишке кириши кабыл алынган мыйзамдар чийки экенине далил болду. Өкмөт менен парламенттин ишин сындагандар көп. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков үн каткан жок.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Мамлекетти президент башкарып жатканы жашыруун эмес. Өлкөдөгү маселелер үчүн парламент менен өкмөттү күнөөлөгөн канчалык туура?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбек жооп берди.

Анын айтуусунда, президенттин өкмөткө тапшырма бергени, парламент менен өкмөттүн алсыздыгын билдирет.

“Алсыз өкмөт менен алсыз парламент турса, мамлекетте болуп жаткан абал боюнча эл президенттен сурайт. Тилекке каршы, парламент Конституцияда берилген укуктарын толугу менен колдоно албай жатат. Бир эле өкмөттүн эмес, парламенттин тагдыры президенттин колунда. Мындай саясий жана Конституциялык кризис бүгүн башталган жок. Бул кризис мурдагы президенттин бийликти толук өзүнүн колуна алгандан башталган. Бул көрүнүш бийлик алмашса деле өзгөрүлбөй келет. Мындай кризистен чыгуу үчүн парламент Баш мыйзамда берилген укукту толугу менен колго алып, өкмөттү өздөрү түптөшү керек, президент көрсөткөн талапкерди тандабай. Качан гана парламент жоопкерчиликтүү, көз карандысыз болгондо президенттин өкмөт башчынын функцияларын аткаруусу токтойт. Бирок азыркы парламент эң алсыз болуп келет. Алсыз парламент бар жерде президент бийликтин бүт бутактарын башкара берет. Толугу менен саясий кризистен чыгуу үчүн дагы бир конституциялык реформа керек”, - деди Акылбек.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, саясат тануучу Орозбек Молдалиев жана коомдук ишмер Эмил Үмөталиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан