Ош шаарында калкка кызмат көрсөткөн 8 миң мекеме бар, анда 30 миңдей адам иштейт

18-июлда Ош шаарында Тейлөө кызматкерлеринин күнү белгиленди. Иш-чарага шаардын биринчи вице-мэри Алимжан Байгазаков, мэриянын экономика, каржы жана ишкерликти өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Чыныбек Тойчиев катышканын мэрия билдирди. Вице-мэр аталган тармактын кызматкерлерин куттуктап, алардын Ош шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө мэрияга жардам берип жатканын белгиледи. "Учурда Ош шаарында калкты тейлеген 8 миң мекеме бар, аларда 30 миңден ашык адам иштейт. Бул жакшы көрсөткүч, бирок дагы алдыга умтулушубуз керек",- деди Байгазаков. Тейлөө кызматкерлеринин алдынкыларына диплом, грамота жана баалуу белектер тапшырылды.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан