Үстүбүздөгү жылдын 6 айында мамлекеттик чек арадан 7 миллион 963 502 адам өткөн. Бул тууралуу 20-июлда Ош чек ара отрядында болгон көчмө жыйын учурунда белгилүү болду. Анда мамлекеттик чек арадан 950 204 унаа өтсө, 365 адам ар кандай себептерден улам депортацияланганы белгилүү болду. Ошондой эле жыйында аскерлердин даярдыгын жогорулатуу маселеси каралып, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов чек арадагы ар кандай жаңжалдарга жол бербөө керектигин белгиледи.