2018-жылы Кыргызга чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2017-жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга кыскарып кеткен. Өткөн жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине келген тикелей 125 миллион АКШ доллар инвестиция түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган. Бул тууралуу "Азаттык" сайтына Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкар Адилбек уулу билдирген.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кытайдан Кыргызга келген инвестиция 2 эсеге кыскарды. Өкмөт инвестицияны тартууда кандай иштеп жатат?"деген соболуна экономист Айылчы Сарыбаев жооп берди.
Ал президент башка өлкөлөр менен келишим түзүп, кол алышып, мамилени оңдогонго аракет кылып жатканын айтты.
“Бирок инвестицияга, президентке, өкмөткө каршы өзүбүздүн кыргыздар иштешүүдө. Президент башка өлкөлөр менен келишим түзүп, кол алышып, мамилени оңдогонго аракет кылып жатат. Караңгы, жапайы, акчага сатылган адамдар ар кандай төлөнгөн акчаларга кызыгышып Кытай эле эмес башка өлкөлөрдөн келип жаткан инвестицияга тоскоолдук жаратууда. Башка калк эмес. Менин угушум боюнча, кытайлыктар Кыргыз мамлекетинин ичиндеги абал оңолмоюнча, эли тартипке келмейинче инвестицияны расмий токтотобуз дешкен. Алар чоң-чоң күчтүү фирмаларды Кыргыз мамлекетинен алыс алып кетебиз дегендей кылып жатышат”, - дейт Сарыбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова, Аалы Карашев, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин мурдагы директору Эсенкул Момункулов, экономист Улук Кыдырбаев жана мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча серепчи Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.