Токмок шаарында 1000 сомдук жасалма акча менен 29 жаштагы жаран колго түштү

Токмок шаарында унаасына май куйдуруп, кассага жасалма акча төлөмөкчү болгон айдоочу кармалды. 22-июлда Чүй ОИИБи кабарлагандай, милицияга май куюучу жайдан билдирүү түшүп, бир жаран унаасына куюлган май үчүн жасалма 1000 сом төлөөгө аракет кылганы айтылган. Кылмышка күнөөлөнүп 29 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Териштирүүдөн кийин акчанын түстүү принтердин жардамы менен жасалганы белгилүү болду. Иликтөө иштери жүрүүдө.  

  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан