АКШдагы венесуэлалыктар "Вашингтон ички ишибизге кийлигишип жатат" деп көчөгө чыгышты

АКШдагы венесуэлалыктар "Вашингтон ички ишибизге кийлигишип жатат" деп көчөгө чыгышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, ондогон венесуэлалыктар президент Николас Мадурону колдоп, АКШнын бир нече шаарынын көчөлөрүнө чыгышкан. Алар Вашингтонду өлкөнүн ички ишине кийлигишүүдө деп айыптап жатышат.

"Мындай акциялар Нью-Йорк, Вашингтон, Сан-Хос, Майами, Даллас, Питтсбург жана Миннеаполис шаарларында орун алды. Алар АКШны Венесуэладагы иштерге аскердик кийлигишүү жасап жатат деп айыптоодо", - деп жазылат маалыматта.
Николас Мадуронун бийлигин коррупция, диктатура жана өлкөдөгү жумушсуздукка айыптаган жүз миңден ашуун эл нааразычылык акциясына чыгышкан. Мадуро беш жылдан бери мамлекетти башкарып келе жаткан.
Буга чейин Венесуэладагы Улуттук оппозициянын лидери Хуан Гуайдо өзүн президент деп жарыялап, аны АКШ тааныган. Дүйнөлүк басылмалар Мадурону Орусия колдоп жатат деп да жазышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Frunze2
2019-01-28 08:11:52
ХХХХХ жургон жерде чоп чыкпайт озу.....
+1
Dalil
2019-01-28 09:19:16
Эки дөө урушса ортосунда кара чымын кырылат дейт. Бирин Орусия бирин АКШ колдоп жатса Венесуэлалыктар эки оттун ортосунда калыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан