Бүгүн, 28-январда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат.
Жыйында "Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жаткан учурда эл өкүлдөрү өлкө аймагына ташылып кирген ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү канча экенин сурашты.
Тилекке каршы, Салык кызматы, Бажы кызматы да өлкө аймагына ташылып кирген ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү жөнүндө так маалымат бере алышкан жок.
Демилгечи депутат Азамат Арапбаев акыркы мезгилде өлкө аймагына ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү көбөйгөнүн айтты.
"Ошондон улам мындай заттарга акция киргизүү зарылдыгы бар. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, акция 2019-жылдын июль айынан тарта киргизилүүгө тийиш", - деди эл өкүлү.