Кыргызстан менен Казакстандын чек ара маселесин талкуулоо жабык эшик артында өтөт
Кыргызстан
менен Казакстандын чек арасындагы делимитация жана демаркация маселеси өкмөттөр аралык
комиссиянын жыйынында талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз
кызматы бүгүн, 22-июлда билдирди. Комиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтөт. "Талкуудан
кийин делимитация жана демаркация маселеси боюнча Кыргызстандын атайын өкүлү Курманбай
Искандаров жетишилген макулдашуулар боюнча маалымат берет",- деп
белгиленген өкмөттүн
маалыматында. Белгилей кетсек, 2013-жылдын
7-июлунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар айылынын тургундары Казакстанга кетчү "Быстроток" каналын тосуп алышкан. Алар Кыргызстан менен Казакстан чектешкен жердеги талаш маселени чечип берүүнү талап кылышкан. 18-июлда канал ачылып, эки тараптын аталган маселе боюнча жакын арада сүйлөшүүсү пландалган.