Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жоктугун айтты.
SUPER.KG порталы "Бажы башчысынын өлкөдө көмүскө импорт жок дегенине ишенүүгө болобу?" деген соболуна депутат Дастан Бекешев жооп берди. Ал көмүскөдөгү импорт өнүккөн өлкөлөрдө да бар экенин айтты.
"Мындай маалыматты кайсы жактан алып жатат билбейм. Бирок ар бир өлкөдө көмүскө экономика, импорт бар. Көмүскөдөгү импорт өнүккөн өлкөлөрдө да болот. Керек болсо өкмөт бизге аналитиканы бергенде “өнүккөн мамлекеттерде көмүскө экономика аз болсо да бар” деп алар өздөрү эле жазышат. Анан кайсы документтердин негизинде мындай ойду айтып жатат деген суроо жаралат. Көмүскө импорт биздин бажы системинде болбосо, анда аткезчилик болбойт болчу", - дейт Бекешев.
Депутаттар Марлен Маматалиев, Эмил Токтошев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.