Египет: Экс-президент Мурсини колдогон экстремисттик топтор шаарларды талкалоодо

21-июлдан 22сине караган түнү Египеттеги исламчыл экстремисттер Синай жарым аралынын түндүк тарабына бир нече чабуул жасашты. Өлкөнүн ММКлары жарыялагандай, куралчан топтор Аль-Ариш шаарына чабуул жасашып, 2 адам каза болду. Алардын бири аскер кызматкери, экинчиси көчөдөгү жөө жүрүүчүлөрдүн бири. Буга чейин ушул эле шаардын башка аймагындагы чабуулда 3 полиция кызматкери көз жумганы кабарланган эле. Бардык каза тапкандар көзгө атар мылтык менен атып өлтүрүлгөн. Куралчан топ Израиль өлкөсү менен чектешкен Рафах шаарына да кол салып, аймактагы полиция базасын гранатомёт менен аткылашты. Аткылоодон 10 адам көз жумду. Синайдын түндүгүндөгү аткылоолордон акыркы 2 апта ичинде ондогон жарандар көз жумушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан