Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жоктугун айтты.
SUPER.KG порталы "Бажы башчысынын өлкөдө көмүскө импорт жок дегенине ишенүүгө болобу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди.
Ал көмүскөдөгү экономика, көмүскө импорт жок деген маалымат туура эмес дейт.
"Көмүскөдөгү экономика сөзсүз түрдө бар. Анын көлөмү өтө чоң, ар дайым болуп келген. Салык, бажы тармагында жана башка тармактарда көмүскө экономика бар. Алардын бардыгын көмүскөдөн чыгаруу үчүн электрондук систем ишке кириши керек. Ошондо бардыгы ачык болот. Социалдык фонддун төлөмүн төлөбөш үчүн көп компаниялар бардык кызматкерлерди штатка киргизбейт. Баарын расмий каттаса чоң суммадагы акча төлөш керек болот. Мындан улам баарын расмий штатка киргизбей, бир канча эле кызматкерди киргизишет. Бул дагы көмүскө экономиканын ичине кирет. Андай нерселер бардык фирмаларда бар. Ошондуктан көмүскөдөгү экономика жок деп айткан болбойт, туура эмес.
Көмүскөдөгү импорт боюнча бир эле статистиканы алсак болот. Ар дайым башка мамлекеттерден келген экспорттун баасы биздин импорттук баа менен тең келбейт. Тилекке каршы, бул көмүскө импорт бар экенин түшүндүрөт", - дейт Маматалиев.
Депутаттар Дастан Бекешев, Эмил Токтошев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.