Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Бажы кызматынын башчысы
Алмаз Оңолбеков Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жоктугун
айтты.
SUPER.KG порталы "
Бажы башчысынын өлкөдө көмүскө импорт жок дегенине ишенүүгө болобу?" деген соболуна экономика илимдеринин доктору
Төлөнбек Абдыров жооп берди. Ал көмүскө экономика болушуна себептер, мүмкүнчүлүктөр дагы жок деген пикирде.
"Балким, анча-мынча көмүскөдөгү экономика болгондур, жок деп эч ким айта албайт. Бирок мурдагыдай, ЕАЭБге киргенге чейинкидей азыр көмүскө экономика жок. Анткени ЕАЭБге киргенден баштап Орусия, Казакстан, Беларусь жактан талаптар аябай күчөтүлүп, көзөмөл татаал болуп калган. Көмүскө экономика болушуна себептер, мүмкүнчүлүктөр дагы жок", - дейт Абдыров.
Депутаттар
Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, Эмил Токтошев, коомдук ишмер
Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер
Төлөгөн Келдибаев, экономист
Кубан Чороевдин пикири төмөнкү
шилтемеде.