Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жоктугун айтты.
SUPER.KG порталы "Бажы башчысынын өлкөдө көмүскө импорт жок дегенине ишенүүгө болобу?" деген соболуна
Экономист Кубан Чороев ЕАЭБге киргенден баштап бардык бажы системинде автоматташтыруу болгонун белгиледи.
"Ошого карабастан бизде атайын схемалар бар. Кыргыз мамлекетинде ЕАЭБге киргизгүүгө тыюу салынган товарлар бар да. Ошол товарларды декларация кылганда башка товарларды киргизет. Же болбосо товарларды көп киргизип, бирок системге аз киргизилген деп жазып коюшат. Аларды компьютер эсептебейт, бул жерде адамдык факторлор бар. Камера менен тартып эсептеген процедуралар жок. Көмүскө импорт бар экенин элдин баары эле билет”, - дейт Чороев.
Депутаттар
Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, Эмил Токтошев, коомдук ишмер
Ишенбай Кадырбеков, экономика илимдеринин доктору
Төлөнбек Абдыров, коомдук ишмер
Төлөгөн Келдибаевдин пикири төмөнкү
шилтемеде.