Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.
Анда "Мамлекеттик алымдардын ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомунун долбоору боюнча маселе каралат.
Баяндаманы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана юстиция министринин орун басары Манас Сарымсаков жасайт.
Мындан тышкары жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды ѳнүктүрүү жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ѳзгѳртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралат.