Кыргыз мамлекети боюнча айыл өкмөттөрдө 1100 иш орду бош турат

Бүгүн, 29-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйыны өттү.

Анда “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Талкуу учурунда депутат Кенжебек Бокоев учурда муниципалдык кызматтарда 1100 иш орду бош турганын айтты.

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров жыл сайын ар бир айыл өкмөттөрүндө 10 пайызга чейин иш орундары болуп турарын билдирди.

“1100 деген 15-20 пайызга көбөйүп кетүүдө. Орто эсеп менен 10 пайыз иш орундары бош болот. Мунун негизги маселеси кызматка келүүдө эмес. Ал жерде айлык акы маселеси да бар. Тестирлөө мамлекеттик кадр кызматы тарабынан өткөрүлөт. 2018-жылдын башынан айыл өкмөттөрдө иштеп жаткан жарандардын каалоо-тилегин эске алып, өтө төмөндөткөн жокпуз. Тесттин суроолоруна 5 мыйзамды гана киргизип, калтырдык”, - деди Мадумаров.

Эл өкүлү Кыргыз өлкөсү боюнча ар бир айыл өкмөттөрдө 3төн иш орду бош экенин белгилеп, бул маселени Мамлекеттик кадр кызматы эмне себептен чечпей жатканын сурады.

“Бир айыл өкмөттө 12 кызматкер болсо, анын 3 иш орду бош турат. Ал кызматты бүгүнкү күндө ким аткарып жатат? Эч ким ал жерге барбай турган болсо, бул маселени көтөрбөйсүңөрбү? Учурда 1100 иш орду бош турса, эртең 2 миңге чыгат”, - деди Бокоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан