Кыргыз өлкөсү коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен 132-орунду ээледи. "Transparency International" эл аралык уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы Кыргыз мамлекети коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 29 балл алып, 2017-жылдагы көрсөткүчтү кайталаган.
Президент Сооронбай Жээнбеков башкы урааны коррупцияга каршы күрөшүү экенин айткан. Жээнбековдун президенттик кызматтагы 1 жылдык ишинде өлкөдө коррупцияга каршы күрөштө жылыш болгон жок.
SUPER.KG порталынын "Бийликтин башкы урааны куру убада бойдон кала береби?" деген соболуна саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.
Сариев өлкөдө футболдо эле жылыш болбосо, башка көрүнүктүү эч нерсе байкалбай турганын айтты.
"Коррупцияга каршы күрөш боюнча жылыш болуп жатат, бирок системдүү күрөш болбой жатат. Айрым жактарда жылыш бар, мисалы, ЖЭБге байланыштуу соттук териштирүүлөр, ошол эле Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин кайра тергелиши. Мындай карап көрсөк, коррупцияга байланышы барлардын баары эле Алмазбек Атамбаевге жакын адамдар болуп жатат.
Учурда дагы кандай жол менен барат деп күтүп отурабыз. Бирок системдүү күрөш бар деп айтууга эрте. Жазга чейин жылыш болбосо, жазында бул жагдай менен айрым күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн. Учурда премьер-министрдин жасаган жумушу деле "экономика кандай акыбалда болуп жатат?" деген суроо жаратууда. Анан, албетте, суроолор жарала берет. Өлкөдө футболдо эле жылыш болбосо, башка көрүнүктүү эч нерсе байкалбайт. Жазында Орусиянын башчысы, андан кийин Кытайдын башчысы учуп келет. Эл ушуга эле алагды болбосо, элдин акыбалы начар эле", - дейт Сариев.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активист Адил Турдукулов, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.