Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Эл аралык уюм Жээнбеков кадр маселесинде, мамлекеттик чечим кабыл алуу механизминде, сот реформасында туура эмес иш жасап жатканын көрсөтүп койду"

Кыргыз өлкөсү коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен 132-орунду ээледи. "Transparency International" эл аралык уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы Кыргыз мамлекети коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 29 балл алып, 2017-жылдагы көрсөткүчтү кайталаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы урааны коррупцияга каршы күрөшүү экенин айткан. Жээнбековдун президенттик кызматтагы 1 жылдык ишинде өлкөдө коррупцияга каршы күрөштө жылыш болгон жок. SUPER.KG порталынын "Бийликтин башкы урааны куру убада бойдон кала береби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Ал уюмдун баасынан кийин Жээнбековдун бир жылдык коррупцияга каршы күрөшүү ишинин жыйынтыгы жокко чыкты деген пикирде.

"Президент Жээнбековдун бир жылдык коррупцияга каршы күрөшүүсүнө биз эмес, эл аралык уюм баа берип жатат. Бул беделдүү, кадыр-барктуу, терең изилдөө жүргүзгөн уюм болуп эсептелет. Уюмдун баасына ишенүүгө туура келет. Буга биз эле эмес, эл аралык уюмдар, инвесторлор, Кыргыз мамлекетине акча сала турган кадыр-барктуу финансылык уюмдар ишенет. Уюмдун баасынан кийин Жээнбековдун бир жылдык коррупцияга каршы күрөшүү ишинин жыйынтыгы жокко чыкты. Анын мурдагы президенттердей эле кадр маселесинде, мамлекеттик чечим кабыл алуу механизминде, сот реформасында туура эмес иш жасап жатканын же болбосо эч кандай иш жасай албай жатканын эл аралык уюм көрсөтүп койду. Бул президент Жээнбековго, анын жасаган ишине берилген эң олуттуу, эң маанилүү баа деп айтсак болот. Мындан кийин анын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча айткандары дайыма күмөндүү болуп баштайт", - дейт Жээнбеков.

Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активист Адил Турдукулов, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Марс Сариевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан