2013-жылдын 1-январынан 19-июлга чейин Кыргызстандын валюталар рыногунда евронун курсу 62, 5993 сомдон 64, 3236 сомго же 2,75 пайызга өскөн. Өткөн жылы бул көрсөткүч 3,67 пайызды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Доллардын курсунун жогорулашы коммерциялык банктардын талабынан улам болууда. Негизинен импорттолгон товарлардын келишимдеги суммасын төлөөдөн улам өсүүдө. Өзгөчө күйүүчү майдын, автоунаанын, металлдын жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын импортуна байланыштуу.