Кыргыз өлкөсү коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен 132-орунду ээледи. "Transparency International" эл аралык уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы Кыргыз мамлекети коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 29 балл алып, 2017-жылдагы көрсөткүчтү кайталаган.
Президент Сооронбай Жээнбеков башкы урааны коррупцияга каршы күрөшүү экенин айткан. Жээнбековдун президенттик кызматтагы 1 жылдык ишинде өлкөдө коррупцияга каршы күрөштө жылыш болгон жок. SUPER.KG порталынын "Бийликтин башкы урааны куру убада бойдон кала береби?" деген соболуна коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.
Ал коррупцияга каршы күрөштө президент кандайдыр бир деңгээлде жалгыз болуп жатканын айтты.
"Президенттин ураанын куру убада деп айта албайм. Коррупцияга каршы күрөшүүдө жакшы эле иштер жүрүп жатат. Бул күрөштө президент кандайдыр бир деңгээлде жалгыз болууда. Ошондуктан эсепте иш анча көп көрүнбөй жатат. Жанындагы адамдарды көбүрөөк жаңыртса жакшы болмок. Анткени Атамбаевден калган кадрлар көп болуп жатат. Мамлекет башчы элге таянса туура болот эле. Элдин ишенимине кирип, алардын арыз-муңун угушу керек. Ошондо натыйжа болуп, коррупцияга каршы кандай күрөшүп жатканы көрүнмөк. Азыр Атамбаевден калган көп эле адамдар президенттик аппаратта, ИИМде, УКМКда отурушат. Көп маселелер боюнча канча арыздар жазылса деле кылмыш иши козголуп, сотко чейин жетпейт. Мурункудан калгандар коррупцияга каршы күрөштө жолтоо болуп жатат", - дейт Чолпонбаев.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активист Адил Турдукулов, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Марс Сариевдин пикири төмөнкү шилтемеде.