Президент Сооронбай Жээнбеков башкы урааны коррупцияга каршы күрөшүү экенин айткан. Жээнбековдун президенттик кызматтагы 1 жылдык ишинде өлкөдө коррупцияга каршы күрөштө жылыш болгон жок. SUPER.KG порталынын "Бийликтин башкы урааны куру убада бойдон кала береби?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.
Анын айтуусунда, коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү кадамдар болгон жок.
"Коррупцияга каршы күрөшүүдө негизинен анча-мынча адамдар жоопко тартылып жатат. Бирок көбүнчө саясий өңүттө болуп жаткандай. Жалпысынан алганда чечкиндүү кадамдар болгон жок. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн негизги багыты - коррупциялык шарттарды жоюу. Бул жагынан эч кандай иштер жүргөн жок. Жээнбековдун президенттик кызматка келгенден бери коррупцияга каршы күрөшүү ишинде жылыш болгон жок дегенге мен дагы кошулам. Бир жылда коррупция маселесин чечүү мүмкүн эмес. Ал үчүн кадр маселесин чечүү керек. Мамлекеттик кызматтарга таза адамдар келмейинче, аларга талапты катуу коймоюнча өзгөрүү болбойт. Мындан тышкары Жээнбеков “аткаминерлердин бардыгынын декларациясы текшерилип, мыйзамсыз байыгандар жоопко тартылат” деген жакшы пикир айткан. Тилекке каршы, ал аткарылган эмес. 2017-жылдагы декларациялар текшерилди, бирок андан дагы майнап чыккан жок. Бир гана Дүйшөнбек Зилалиев болду. Анын деле жоопко тартылышы башка иштерге байланыштуу окшойт деп ойлоп калдым", - деди Сооронкулова.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Марс Сариевдин пикири төмөнкү шилтемеде.