23-июлда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +24...+29°C, түнкүсүн +14...+19°C
Талас облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +10...+15°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +28...+33°C, түнкүсүн +14...+19°C
Баткен облусунда күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +13...+18°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +16...+21°C, түнкүсүн +7...+12°C
Нарын облусунда күндүз +19...+24°C, түнкүсүн +7...+12°C
Бишкек шаарында күндүз +26...+28°C, түнкүсүн +16...+18°C
Борбор калаада кыска мөөнөткө жамгыр жаашы мүмкүн.