Тайырбек Сарпашев: “Муниципалдык кызматкерлердин санын кыскартуу менен айлык акыны 2,5 эсеге көтөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду"
“Муниципалдык кызматкерлердин санын кыскартуу менен
айлык акыны 2,5 эсеге көтөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду”,- деди вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын тургундары менен
жолугушу учурунда. Айтымында, Кыргызстанда 10 700 муниципалдык кызматкер бар. “Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө 700 орун айлык акынын аздыгына байланыштуу бош
экендиги белгилүү болду. Ошондуктан көпчүлүк айыл өкмөттөрүндөгү иштеп жүргөн
кызматкерлерди кыскартууга туура келди. Облустук аппараттын
кызматкерлеринин саны көбөйүп кеткени буга себеп болду. Жумушчу орунду 10 пайызга кыскартып,
айлык акыны 2,5 эсеге жогорулаттык”,- деди Сарпашев. Белгилей кетсек, 1-августтан
баштап өкмөт жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлеринин
маянасы жогорулаарын билдирген.