"КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө бирөөнү шайлап берүү буйруктары болгондугу тууралуу пикирлерге ишенгим келбейт" дейт Чынар Капарова

"Байкоочу кеңештин мүчөлүгүнө бирөөнү шайлап берүү буйруктары болгондугу тууралуу пикирлерге ишенгим келбейт" деп бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер Чынар Капарова билдирди.

Ал социалдык түйүндөрдө ар кандай пикирлер жазылып жатканын айтты. "Бирөөнү шайлап берүү буйруктары болгондугу социалдык түйүндөргө жазылып жатат, буга ишенгим келбейт. Эл өкүлдөрүнүн өз пикири, жолу бар деп ишенем.

КТРКнын миссиясы жалпы коомго кызмат кылуу деп жазылган. Бирок коомго КТРК кызмат кылып жатабы? Эртең шайлоо башталат. Баарыңыздар ар кайсы партия менен чыгасыңар. Ошондо КТРКга карата сын-пикирлер жаралат. Коомдук канал кылууга күчүмдү жумшайм", - дейт ал.

Учурда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралууда.

Депутаттар түшкө чейин талапкерлерге жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Айрым эл өкүлдөрү жыйынга келбеген талапкерге добуш берилбей калганын айтышып, чечим жокко чыгарылды. Кайрадан добуш берүү маселеси каралып жатат.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоо боюнча буйрук болгонбу?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан