Жашы жете электерге спирт ичимдигин саткандар үчүн айыпты көбөйтө турган мыйзамга президент кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш ушул жылдын 20-июнунда кабыл алган. Ал этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жаатындагы ишкердик мекемелерин колдоо жана жашы жете электерге алкоголдук продукцияны саткандыгы жана тиешелүү лицензиясы (уруксаты) жок соода кылгандыгы үчүн администрациялык жоопкерчиликти күчөтүү максатын көздөйт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан