Депутат Ирина Карамушкина: "Өлкөдө балансты сактоо үчүн оппозиция керек, бизде каршы пикирин айтып тура алган оппозиция жок"

Коомчулукта Бажы кызматында көп жыл иштеген Райымбек Матраимовго карата "миллион" деген ат коюлуп, коррупцияга шектелиши, Жогорку Кеңештин депутатынын аткезчиликке айыпталып коңшу өлкө тарабынан кармалышы, аткезчилердин атышуулары, ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн нааразычылыктары Кыргыз Бажы кызматында ири коррупция бар экенине жетиштүү негиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эмнеге бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып, жойбой жатат?" деген соболуна депутат Ирина Карамушкина жооп берди.

Эл өкүлү өлкөдөгү кырдаалга биринчи кезекте президент күнөөлүү деген пикирин айтты.

"Криминал менен байланышы бар депутаттардын ишин иликтөө үчүн укукту криминалдык милицияга берүү боюнча сунуш түштү. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын алдында жалпы жарандар менен теңдик болот дегенди түшүндүрөт. Криминалга байланышкан депутаттардын, алардын өкүлдөрүнүн жазага тартылбашы мамлекеттик бийликке жабышып жатат. Мындай өзгөртүүлөр колдоо табарына көзүм жетпейт. Акыркы учурларда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы бандиттерге туруштук берип, бул багытта эч ким өзгөртүүлөрдү киргизбей жатканын айтып жатышат. Азыр баш аламандык орун алып жатат. Мыйзам боюнча биринчи кезекте президент күнөөлүү. Ага макулдашуу саясаты керек же балансты сактоо үчүн нормалдуу оппозиция болушу зарыл.

Өлкөбүздө түрдүү багыттагы топтор, диний агымдардын да таасири күчөп жатат. Мамлекеттик иштерге аралашып, светтик коомду бузууга аракеттенген өлкөлөргө визасыз режим киргизүүгө депутаттарды мажбурлаганы дагы бекеринен эмес. Эгер интеллигенция, кайдыгер эмес жарандар үн катышпаса бир гана криминалдык жаңжалдар эмес, башка өлкөлөрдүн диний түзүмдөрү бийликти басып алышы мүмкүн. Каршы пикирин айтып тура алган оппозиция жок. Атамбаевдин мурунку тарапташтары чыккынчылык кылып кетип калышты. Ал кимди, каякка жөнөтүү керектигин айта алмак. Биздин көптөн берки өнөктөштөрүбүз ошол эле Орусия, Беларусь жана башка өлкөлөр биз менен байланышуудан да кооптонуп калышты. Биз Москва менен Минскиге карап түзөлбөй, Ооганстанга ооп бара жатабыз", - деди депутат.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан