Жогорку Кеңеште 30-январда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралды.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Атыркүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчө болуп шайланды.
Парламент жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына мүчөнү шайлоо алгач түшкү танаписке чейин болду. Анын жүрүшүндө талапкер Чынар Капарова көп добуш алды.
Вице-спикер Аида Касымалиева Нургазы Мусаев деген талапкер жыйынга келбегени үчүн ага добуш берилбегенин айтты. Анда депутаттар келбей койгон талапкерге добуш бербей коюу болбой турганын билдиришти. Депутат Садык Шер-Нияз Нургазы Мусаев бул боюнча Жогорку Кеңешти сотко берсе болот деген пикирин айтты. Жыйынтыгында биринчи добуш берүүдөгү чечим жокко чыгарылып, депутаттар кайрадан добуш бермей болушту.
Экинчи добуш берүүнүн жыйынтыгы:
Атыркүл Сарыбаева - "макул" - 77, "каршы" - 37;
Чынар Капарова - "макул" - 61, "каршы" - 39;
Нургазы Мусаев - "макул" - 56, "каршы" - 45;
Мирбек Мырзабеков - "макул" - 31, "каршы" - 68;
Маркабай Ааматов - "макул" - 18 "каршы" - 75;