Саясат таануучу Даниел Кадырбеков: "Бул президент менен өкмөт эч нерсени өзгөртпөйт”

Коомчулукта Бажы кызматында көп жыл иштеген Райымбек Матраимовго карата "миллион" деген ат коюлуп, коррупцияга шектелиши, Жогорку Кеңештин депутатынын аткезчиликке айыпталып коңшу өлкө тарабынан кармалышы, аткезчилердин атышуулары, ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн нааразычылыктары Кыргыз Бажы кызматында ири коррупция бар экенине жетиштүү негиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эмнеге бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып, жойбой жатат?" деген соболуна саясат таануучу Даниел Кадырбеков жооп берди.

Ал бийликте отурган кишилер бажы аркылуу көмүскө жол менен өзүн-өзү байытууга булак таап алганын айтты.

“2017-жылы ЕАЭБдин отурумунда Казакстандын премьер-министри Бахытжан Сагинтаев бизди катуу сындаган. 2015-жылы Кытайдын статистикасы менен Кыргыз мамлекетине экспорттолгон товардын өлчөмү 4 миллиард 300 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргыз тараптын статистикасы боюнча Кытайдан келген импорт 1 миллиард доллар деп катталган. 2016-жылы Кытай Кыргыз өлкөсүнө 5 миллиард 600 миллион доллар товар экспорттолду деп каттаса, биздикилер 1 миллиард 500 миллион доллар деп каттоодо. Ортодо 4 миллиард 100 миллион доллар айырмадагы сумма чыгып жатат. Бул бир жылдын ичинде чыккан гана айырма болууда. Бул миллиарддаган акчалар мамлекеттин бюджетине түшпөй, чиновниктердин сол чөнтөгүнө кетип жатканынан кабар берет. Ошондуктан ар бир бийлик келгенде өзүнүн көзөмөлүнө алганга аракет кылат.

Бажы башкармалыгынын жетекчисинин Райымбек Матраимовду “сүттөн ак экен, биз бул кишиге эч нерсе айта албайбыз” деген пикири кайрадан ишке келет дегендей белги болду. Албетте, Матраимов ошол жактагы жашыруун иштерди билет. Ал эми бийлик үчүн мындай кишилер дагы керек. Менин жеке пикиримде, бул президент менен өкмөт эч нерсени өзгөртпөйт. Булар өздөрүнүн кызыкчылыктарын жана баюу жолдорун ойлогон гана кишилер. Ошондуктан буга чейин мамлекеттик кызматта иштебеген, азыркы саясатка аралашпаган жана дүйнө жүзүндө тажрыйбасы, билими бар адамдар келип алгылыктуу программаларды баштамайынча эч кандай майнап чыкпайт”, - деди Кадырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан