Коомчулукта Бажы кызматында көп жыл иштеген Райымбек Матраимовго карата "миллион" деген ат коюлуп, коррупцияга шектелиши, Жогорку Кеңештин депутатынын аткезчиликке айыпталып коңшу өлкө тарабынан кармалышы, аткезчилердин атышуулары, ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн нааразычылыктары Кыргыз Бажы кызматында ири коррупция бар экенине жетиштүү негиз.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эмнеге бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып, жойбой жатат?" деген соболуна активист Адил Турдукулов жооп берди.
Ал Кыргыз мамлекетиндеги эң башкы экономика жаатындагы көйгөй көмүскө табитинде болуп жатканын айтты.
“30 жылдан бери 70-80 пайызга чейин экономика көмүскөдө деп какшап келишет. Муну азайтабыз деген таризде программа түзүшөт. Бирок көмүскө экономика кыскарбай келет. Себеби көмүскө экономиканын эң башкы бөлүгү - бул чек арадагы, өзгөчө Кытай тараптан товарлар аткезчилик жол менен келип, кайрадан аткезчилик жол менен Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринин чек аралары аркылуу чыгып кетип жатканынын белгиси. Ал эми ошол жакта миллиарддаган акчалар көмүскөдө болуп жатат. Ошол себептен чек арадагылар гүлдөп, өнүгүүдө. Аларды калкалаган ошол учурдагы бийлик. Өкүнүчтүүсү бул систем 5 президенттен өтсө дагы сынбай жатат. Эгерде чыныгы таза жолду тандадык десек, коррупция менен күрөшүүнү алгач бажы тармагынан баштоо керек. Азырынча мындай күрөш байкала элек. Бул жерде бир гана саясий эрк болушу зарыл. Бийлик өзү аралашуусу кажет, ошондо аны жоюуга бир-эки кадам жетиштүү болот. Ошондуктан бийликтин чын дилинен бажыдагы коррупцияны жоюуга ынтызар болушу абзел. Андай болбосо бул жакта эч нерсе өзгөрбөйт”, - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, укук коргоочулар Рита Карасартова жана Динара Ошурахунованын пикири бул шилтемеде.