Бакай-Ата районундагы жатак-үйү теплица куруп берүүнү суранууда

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев 20-июлда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы жатак-үйдө иш сапары менен болду. Министр бул жайдын капиталдык оңдоодон өткөндөн кийинки абалы менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө жатак-үйдүн жетекчилиги аталган жердин 500 чарчы метрине теплица куруп берүүнү, ошондой эле 1963-жылы курулган жуунуучу жайды оңдоп берүүнү суранды. Министрлик билдиргендей, учурда мында 18 жаштан 55 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 42 эркек жана 27 айым жашайт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан