Нурипа Муканова, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы: "Бажы кызматында дале коррупция болсо, демек, чечим кабыл алгандардын бул жаатта кызыкчылыгы бар"

Коомчулукта Бажы кызматында көп жыл иштеген Райымбек Матраимовго карата "миллион" деген ат коюлуп, коррупцияга шектелиши, Жогорку Кеңештин депутатынын аткезчиликке айыпталып коңшу өлкө тарабынан кармалышы, аткезчилердин атышуулары, ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн нааразычылыктары Кыргыз Бажы кызматында ири коррупция бар экенине жетиштүү негиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эмнеге бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып, жойбой жатат?" деген соболуна Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова жооп берди.

Ал Бажы кызматы кирешелүү булак болгону үчүн жеке кызыкчылыгын ойлогон жактар бар болорун белгиледи.

"Бажы кызматы Салык кызматы менен катар эле бюджеттин негизги киреше булагы болуп саналат. Демек, бул акча булагы. Ошого жараша бажы кызматында коррупциялык тобокелчиликтер көп. Коррупция - өз кызыкчылыгы үчүн баюу максатында каражаттарды жана ресурстарды өзүнө өткөрүп алуу эмеспи. Бажы кызматы дале коррупциялык тобокелчиликте болсо, демек, чечим кабыл алган жактардын бул жаатта жеке кызыкчылыгы бар", - деди

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочулар Рита Карасартова, Динара Ошурахунова жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан